-
Өлөң
-
Өлөң – 1. Кыргыз оозеки адабиятындагы лирикалык текке кирүүчү жанр. Мында үй-бүлө, сүйүү, ашыктык темасы ырдалган. Өлөң өзүнчө музыкалуулукка, обондуулукка ээ болуп, аягы созулуп, аяктаганда, жеке адам же жамаат тарабынан аткарылган (Адабият: Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү: Мектеп окуучулары үчүн. Түзгөн Ж. Шериев, А.Муратов. – Б.: КЭ Башкы редакциясы. 1994).
-
өлөң
-
I зат. Саздак жерде өсүүчү көп жылдык ичке жалбырактуу чөп. Өлөң чөп маалым кылат жай мезгилин (Бөкөнбаев).
♦ Өз үйүм, өлөң-төшөгүм — өзүнө тиешелүү, өзүмдүк. Чындыгында эле өз үй, өлөң-төшөк болуп жыргап эле калдым («Чалкан»).
ӨЛӨҢ II зат. Белгилүү муун өлчөмү бар, ыргак жана уйкаш менен курулган көркөм чыгарма; казак элинин ырынын аталышы, ыр. «Өргүсөң өлөң айт, сууп каласың» дечү эле (Аалы).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | өлөң |
Множ. число | өлөңдөр |
Склонение по падежам - "өлөң"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | өлөң |
Родительный Чей? | өлөңдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | өлөңгө |
Винительный Кого?, Что? | өлөңдү |
Местный Где?, У кого? | өлөңдө |
Исходный Где?, У кого? | өлөңдөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | өлөңдөр |
Родительный Чьи? | өлөңдөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | өлөңдөргө |
Винительный Кого?, Что? | өлөңдөрдү |
Местный Где?, У кого? | өлөңдөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | өлөңдөрдөн |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Өлөң