Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Өзгөчө соттор

ӨЗГӨЧӨ СОТТОР – өзгөчө (согуш, өзгөчө абал, ыңкылап, мамлекеттик төңкөрүштөр) учурларда түзүлүүчү соттор. Кээде демейки шарттарда деле түзүлөт: (м.: 1930-жылдардагы СССРдеги НКВД «үчилтиктери»). Дайым террордук, жасоолдук мүнөзгө ээ болот. Ө. с. эчкачан соттун жолжоболору менен байланышпайт, көп учурларда сот адилеттигинин жөнөкөй принциптерин да (айыпсыздык презумпциясы, айыпталуучунун коргонуу укугу) сакталбайт. Адатта, иштерди Ө. с-до кароо жабык мүнөздө болот да, аларга даттанууга болбойт. Көпчүлүк жаңы конституцияларда Ө. с-ду түзүүгө түздөнтүз тыюу салынат. КРде Ө. с-го тыюу салынган.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: