Menü
Эл-Сөздүк

эт-

эт- көмөкчү этиш

эт

эт, этти, эти
эт азыктары
эт-аш
эт баш
эт-бети менен
эт-бетинен
эт бузуу (жиликтөө)
эт бышым
эт бышым (убакыт)
эт жүрөгү эзилүү
эт кoмбинаты
эт консервасы (а. ч.)
эт көйнөк
эт менен челдин орто сунда
эт-сөөк уну
эт-сүт
эти ачынуу
эти ачышуу
эти-бетинен кетүү
эти жок (арык)
эти качуу (арыктоо)
эти кызуу (аттын)
этинен түшүү
эти оору (толготуу)
эти ооруп калуу
эти от менен жалын
эти тирүү
эти-башы ооруп (толго туп)
эттен түшүү

эт

I зат. 1. Жаныбарлардын сөөгүнө жабышкан дене ткандары. Этке чыккан жара. Дененин булчуң эттери. Этиң калып көк жашык, Каның калган бир кашык («Манас»).
2. Союлган малдын, аңдын, канаттуунун, балыктын ж. б. азык-түлүк үчүн колдонулган (желе турган) ушундай дене заты. Манапты ээрчип эт жеген Мадырайган соргогум (Токтогул). Койдун эти. Балыктын эти. Үй куштарынын эти. Сүр эт.
3. Ар кандай жемиштердин, бакча өсүмдүктөрүнүн желе турган жумшак заты.
4. Дене, бүткөн бой. Көйнөгүм жок, жылаңач, Куур тонум этимде («Жазгыч акындар»).
Балык эт — жаныбарлардын, адамдын кыр аркасына бойлото кеткен эти. Кыр арканын балык эт, Жара чаап жиберди («Манас»). Ич эт — союлган малдын ичеги-карды, боору, жүрөгү, бөйрөктөрү ж. б. сыяктуу ички эттери. Тору этине толбоо — арыктап, баштагы этине, мурунку калыбына келбөө. Табылды оорудан аман-эсен айыгып, тору этине толо албай, баштагыдай боло албай жүрдү («Эр Табылды»). Эт көйнөк — ич көйнөк, ичтен кийүүчү ак көйнөк. Жаш баланы атасынын эт көйнөгүнө ороду (Сыдыкбеков). Эт менен челдин ортосунда болуу к. чел. Эт бышым — эт бышканчалык, болжол менен эки саатчалык убакыт. Эси эндиреп Табылды Эт бышымдай жатты эми («Эр Табылды»). Эти тирүү — тың, чыйрак, бышык. Ал эти тирүү бала болучу (Жантөшев). Боор эт менен тең болуу — абдан жакын, сүйкүмдүү көрүнүү, кымбат сезилүү. Бала боор эт менен тең болот (Байтемиров). Эти ачынуу — ачуусу келүү, жини келүү. Ал тил угуп, эти ачынып калды (Сыдыкбеков). Кызыл эт — жаңы төрөлгөн бала, жаныбарлардын балдарынын жаңы туулган кездегиси, канаттуулардын жүнү чыга элек балапаны. Балтыр эти же борбуй эти толуу — эр жетүү, жигит болуу. Балтыр эти толо элек, Балбан чагы боло элек («Манас»). Борбуй эти толо электе оор эмгек, кайгылуу турмушту өткөрүп чоңойду (Баялинов). Эт-бетинен кетүү — бир нерсеге кызуу, жандуу аракет кылуу, жандуу киришүү. Эт-бетинен кетип эзилише сүйлөшүү.
ЭТ II этиш. Кыймыл-аракеттин болушун, бир нерсенин иштелишин билдирүүчү көмөкчү этиш. Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул). Чоң эне азыр жай сүйлөп, небересине өткөндү баян этти (Сыдыкбеков). Чоңдордун жемеси Орусбектин сезимине таасир этти (Сыдыкбеков). Карагай таш тийгендей солк этти (Аалы). Машина лып этип келип токтой калды (Жантөшев). Каныбек акырын гана күңк этип койду (Жантөшев). Мылтыктын тарс эткен үнү чыкты (Баялинов).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоэт
Множ. числоэттер
Склонение по падежам - "эт"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?эт
Родительный Чей?эттин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?этке
Винительный Кого?, Что?этти
Местный Где?, У кого?этте
Исходный Где?, У кого?эттен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?эттер
Родительный Чьи?эттердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?эттерге
Винительный Кого?, Что?эттерди
Местный Где?, У кого?эттерде
Исходный Откуда?, От кого?эттерден

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: