Меню
Эл-Сөздүк

форма

зат. 1. Тышкы көрүнүш, түр, кебете. Шар формасында жасалган түзүлүш. Квадрат формасындагы аянт. Формасы менен салынган сегиз бөлмөлүү үйү бар (Жантөшев).
2. Белгилүү бир нерсенин, иштин мазмунуна ылайыкталган, ага шартташылган принцип, тип, түзүлүш, жалпы көрүнүш. Башкаруунун формалары. Тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн формалары.
3. Аскер кызматчылары, мекеме кызматчылары, окуучулар ж. б. кийүүчү бардыгына жалпы, бирдиктүү үлгүдө тигилген окшош кийим. Шахтёрлор формасын кийип, ордендерин тагынган бойдоң олтурушат (Сасыкбаев). Офицердик форма. Окуучулардын формасы.
4. тех. Калып. Деталь формаларын жасоочу станоктор катуу түрсүлдөп иштөөдө (Сасыкбаев).
5. канц. Бланканын, ар кандай иш кагаздарынын, толтурула турган документтердин ж. б. белгиленген үлгүсү. Бюллетендин формасы. Справканын формасы.
6. лингв. Грамматикалык категорияларды жана сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштарын уюштурган тилдик каражаттар. Этиштин мамиле формалары. Илик жөндөмөсүнүн формасы. Зат атоочтун таандык формалары.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санформа
Көптүк санформалар
Синонимдери
тариз
сөлөкөт
келбет
Жөндөлүшү - "форма"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?форма
Илик Кимдин? Эмненин?форманын
Барыш Кимге? Эмнеге?формага
Табыш Кимди? Эмнени?форманы
Жатыш Кимде? Эмнеде?формада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?формадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?формалар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?формалардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?формаларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?формаларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?формаларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?формалардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: