-
сүрөт
-
сүрөт, сүрөтү, сүрөттү
сүрөт стили
сүрөт искусствосу
сүрөт көрсөтмө
сүрөт маалымат
сүрөт өнөрү
сүрөт тартуу
сүрөт түрлөрү
-
сүрөт
-
-
сүрөт
-
I зат. 1. Бир нерсенин элеси, чагылышы, көрүнүшү, кебетеси. Көз алдыма жаңы сүрөт тартылды (Сыдыкбеков). Көз алдыман шумдуктуу Кыз сүрөтү кетпеди («Мендирман»).
- 2. Кагазга же башка нерсеге түшүрүлгөн бир нерсенин элеси, кебетеси, көрүнүшү, сөлөкөтү; портрет, фотокарточка, иллюстрация. Сүрөткө түшүү. Сүрөт тартуу. Китептин сүрөттөрү. Сүрөт искусствосунун көргөзмөсү.
- 3. Шапыйып өңүнөн азган кебете, абдан арыктаган кебете, өң. Арыкбай өңүнөн азып, сүрөт эле болуп калыптыр (Абдукаримов).
- 4. сүйл. Абдан сулуу, карап эле турарлык, кооз. Улак өтө эле сулуу, Тим эле сүрөт (Шүкүрбеков).
- 5. Драмалык чыгармаларда жаңы декорацияны талап кылуучу көрүнүшү, көшөгөнүн бир бөлүгү.
- 6. Жүгөрүнүн сотосунун жаңыдан дан байлай баштаган, бирок сүт толо элек кези.
СҮРӨТ II сүрө этишинин аркылуу мамилеси.
Негизги мүнөздөмөлөрү |
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | сүрөт |
Көптүк сан | сүрөттөр |
Жөндөлүшү - "сүрөт"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
Атооч Ким? Эмне? | сүрөт |
Илик Кимдин? Эмненин? | сүрөттүн |
Барыш Кимге? Эмнеге? | сүрөткө |
Табыш Кимди? Эмнени? | сүрөттү |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | сүрөттө |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | сүрөттөн |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
Атооч Кимдер? Эмнелер? | сүрөттөр |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | сүрөттөрдүн |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | сүрөттөргө |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | сүрөттөрдү |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | сүрөттөрдө |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | сүрөттөрдөн |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр: