мөлт : мөлт этүү же мөлт-мөлт этүү — тунук, мөлтүлдөгөн тамчы сыяктуу көрүнүштө болуу. [Уруянын] көз жаштары мөлт-мөлт этип бурчактайт (Байтемиров). Кез-кез аттын кулагынын түбүнөн мөлт-мөлт этип тери тоголонот (Сыдыкбеков).