Меню
Эл-Сөздүк

кызматкер

зат. 1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам. Инженер-техник; кызматкерлердин.. чогулушу өткөнү жаткан болучу (Сасыкбаев). Айыл-чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек («Советтик Кыргызстан»). Шамбет жаш кезинен эле колхоздун белдүү кызматкерлеринен болду (Сыдыкбеков).
  1. 2.           Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү. Кийимимди тоздурба, кызматкермин астыңда (Токтогул). Кызматкер болуп биз кетип, Кызык болуп жүрбөйлү («Олжобай менен Кишимжан»).
  2. 3.           өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү, ошонун эркин орундап кызмат кылуучу. Депутатэлдин кызматкери.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкызматкер
Көптүк санкызматкерлер
Синонимдери
ишкер
жумушкер
Байланыштуу сөздөр
иште
кызмат
кызматкерчи
Жөндөлүшү - "кызматкер"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?кызматкер
Илик Кимдин? Эмненин?кызматкердин
Барыш Кимге? Эмнеге?кызматкерге
Табыш Кимди? Эмнени?кызматкерди
Жатыш Кимде? Эмнеде?кызматкерде
Чыгыш Кимде? Эмнеде?кызматкерден
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?кызматкерлер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?кызматкерлердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?кызматкерлерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?кызматкерлерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?кызматкерлерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?кызматкерлерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: