Меню
Эл-Сөздүк

кес

Iэтиш 1. Бир нерсени кыюу, тилүү, кыркуу. Отуз өлчөп, бир кес (макал).
¨ Кесе айтуу же кесе сүйлөө — ток этер жерин айтуу, кыскасын айтуу, аныгын айтуу. Алымкул [сөздү] кесе айтты (Абдукаримов). Ал ушундай кылууга аракет кылалы деп кесе айта албады (Убукеев). Кулак-мурун кескендей — жымжырт, тынч. Теребел кулак-мурун кескендей жымжырт эле (Сыдыкбеков). Көкөйүн кесүү — көңүлгө, жүрөккө тийүү, көңүлүн калтыруу, көкөйүнө тийүү, жанга батуу. Жокчулук көкөйүмдү кескен (Барпы). Көк шорпо менен кара нан Көкөйүн кести адамдын (Бөкөнбаев).
КЕС II этиш. юр. Күнөөлүү адамга сот тараптан өкүм чыгаруу, белгилүү мөөнөткө эркинен ажыратуу. Ууруну беш жыл кести.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: