-
КАШЫК
-
«Кашыктап жыйган мүлкүмдү, Чакалап чачып отурат» (Эл ыры). Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Узуну 10—15 см, ичтүүлүгү 25—30 грамм кашык сабынан кармап, тамак ичүүгө ылайыкталган. Сузгунун (чөмүчтүн) кичинекей түрү. Буга узанууда бир аз айырмачылыктар бар. Чеберлер сузгуну керки, байтеше аркылуу чапса, кашыкты жасоодо бычак, өзүнүн кичинекей ийгиси керек. Кол башындай бул идишти бычак жана ийги аркылуу жапырактатып кырат. Сузгунун да, кашыктын да башынын ичин карай иймекей сабы болот. Муну усталар этияттап жасап чыгарса, колго эптүү, көзгө көркөмдүү көрүнөт. Усталар өзүлөрү да көчүрүп өстүрүп алышкан тал-теректерди көбүрөөк керектейт. Кырма идиштерин бүтүндөй бир колдон чыгаргандар жыгачтардын ич ара айырмачылык бөтөнчөлүктөрүн айра тааныйт. Башкалардай эле ак тал, кара тал, турпан тал, эчки тал, жер тал, сары тал, бака терек, кайың, арча, карагай, жаңгак жана башкаларды кашык, сузгу жасоого негизги жердик катары бааланат. Булардын ички касиеттерин билип-туюп узангандыктан урунууга бышык келет.
Найдены по другим направлениям
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | кашык |
Көптүк сан | кашыктар |
Байланыштуу сөздөр |
---|
кашыкта |
Жөндөлүшү - "кашык"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | кашык |
Илик Кимдин? Эмненин? | кашыктын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | кашыкка |
Табыш Кимди? Эмнени? | кашыкты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | кашыкта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | кашыктан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | кашыктар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | кашыктардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | кашыктарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | кашыктарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | кашыктарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | кашыктардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кашык