Меню
Эл-Сөздүк

а

а (ал) (сүйл.), (а.) (а.)
а (ал) да

а

а, а-бу дешүү
а дегенде (адегенде эмес)
а деп (такт.) (адеп эмес)
а түгүл

а

а, аа (сырд.)

а

а (бөл.)

а

I ат. сүйл. Ал. Айбалтачан жалгыз көз, А да кирди камынып («Манас»). А куну катын Айчүрөк, Алп уйкуну салды эми («Сейтек»).
А II: а деп — эң алды менен, биринчи иретте, ириде. А деп [көйнөктү] кийип алып кубангандан беш-алты тегереңген (Сыдыкбеков). А дегенде — оболу, мурда, биринчи иретте, башында, баштаганда. Кайыр а дегенде түшүнгөн жок (Аалы). А дегенде орун тар келип, кысылышып, артыкча эл арты болуп [машинага] түшкөн үч адамга убал болду (Сыдыкбеков). А-бу деп айтуу — өйдө-төмөн кептерди айтуу, бирдеме деп сүйлөө. Жанында тургандардын бирөө да а-бу дегенге жараган жок (Бейшеналиев). Сизди качан а-бу дейт деп эле олтурабыз (Бейшеналиев). А-бу дешип калуу — айтышып калуу, жаман-жакшы айтышып калуу. А дээрге алы калбоо — абдан шайы кетүү, дарманы бошоо. А дээрге алы калган жок, Азыр өлсө арман жок («Эр Төштүк»).
А III сырд. Таң калгандык, өкүнгөндүк, нааразы болгондук сыяктуу ички сезимди билдирүүдө колдонулат. А, кокуй, катаны эми билбедимби. Карачы, күзгүдөн өз иреңиңди (Осмонов). А, жасаган,деди Күмүш, — кедейди мынча эмне кор кылып жараттың? (Баялинов). А, айланайын, менин уулум ак сүтүмдү актабай койду! (Тоголок Молдо).
А IV байл. Сүйлөмдөрдү байланыштыруу үчүн колдонулат. Чоордун ичин караса жыгач сыяктуу, а сырты такыр түшүнүксүз бирдеме (Жантөшев). Мария да анча эмес, а тигил безилдеген Акия Чаргын байкушту оттон алып сууга салып жатат (Сыдыкбеков).
А V бөл. Ырастоо, күчөтүү маанисинде колдонулат.
Ойбой... Ушундай да ачуу болот экен а! Тим эле куйкалап кетти,деди Ашымбай (Абдукаримов). Силерге менин каным керек эмес, дүнүйөм керек а! (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

EN
RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: