Меню
Эл-Сөздүк

Юридикалык талаштааным

ЮРИДИКАЛЫК ТАЛАШТААНЫМ – ички (улуттук) же эларалык укук чегинде келип чыгуучу, өнүгүүчү, чечилүүчү талаш-тартыштарды карай турган жалпы талаштаанымдын бир бөлүгү, жаңы илим тармагы. Ю. т. укук таануу, саясат таануу, социология теорияларынын кайчылаш жеринде турат. Эгер алар өлкөнүн конституциясына, аймактык аралык макулдашууларга, бийлик бутактарына, улут жана аз сандуу элдер статусуна тийиштүү болсо, эмгектик, көпчүлүк үйбүлөлүк, өндүрүштүк, турмуш-тиричиликтик, улуттар аралык талаш-тартыштар табияты боюнча юридикалык болуп саналат. Мамлекеттер аралык талаш-тартыштардын баардыгы юридикалык болуп эсептелет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: