Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Юридикалык кеп-кеңеш

ЮРИДИКАЛЫК КЕП-КЕҢЕШ – шаарлар менен калк жашаган жерлерде алардын юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иштерин уюштуруу үчүн адвокаттар коллегиясынын президиуму тарабынан түзүлгөн жактоочулар жамааты. Ю. к.-к-тин туруктуу жери жана анда иштей тургандардын саны тийешелүү акыйкат органдары менен макулдашуу боюнча, жактоочулар коллегиясынын президиуму тарабынан аныкталат. Ю. к.-к-тин банкта өз эсеби, өзүнүн аты жана кайсы коллегияга тийиштүү экендиги жазылган мөөрү менен энбаскысы болот. Ю. к.-к-ке жактоочулар коллегиясы тарабынан өз мүчөлөрүнүн ичинен дайындалган башчы жетекчилик кылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: