Меню
Эл-Сөздүк

Юридикалык жакты кайра уюштуруу

ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫ КАЙРА УЮШТУРУУ – юридикалык жактын укук улантуучулук мамилелерине таасир этүүчү укуктук абалдарынын токтолуусу же дагы башка өзгөрүүлөр. КР жарандык мыйзамдары Ю. ж. к. у-нун 5 түрүн аныктайт: кошулуу, биригүү, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу жана кайра уюштуруу. Ю. ж. к. у. анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), же болбосо юридикалык жактын уюштуруу документтери менен ошондой ыйгарым укук берилген органдын, же болбосо лицензияда белгиленген аткарымдарды ишке ашыруу ишмердигинин жападан-жалгыз түрү болуп саналган банктарга, каржы-кредиттик уюмдарга же мекемелерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен ишке ашырылышы мүмкүн. Мыйзамда белгиленген учурларда Ю. ж. к. у. кошулуу, биригүү же кайра уюштуруу таризинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдугу менен гана ишке ашырылышы ыктымал.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: