Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Ырым-жырым

Ырым-жырым – салт тарабынан аныкталган, тигил же бул социалдык идеяларды, түшүнүктөрдү, нормаларды жана баалуулуктарды билдирген жана белгилүү бир коллективдик сезимдерди жараткан символикалык, стереотиптик коллективдүү иш-аракеттердин жыйындысы. Ырым-жырымдар жашоонун обьективдүү агымына аны ийгилик алып келүүчү нукка буруу үчүн таасир берүү максатын көздөйт. Балдардын төрөлүүсү, үйлөнүү той, өлүмгө байланыштуу ырым-жырымдар, үй-бүлөлүк ырым-жырым, ал эми айыл-чарбасы менен байланышса календардык ырым-жырымдар деп аталат. Көптөгөн ырым-жырымдар эң байыркы диндер менен кошо жаралып, бүгүнкү күнгө чейин жашап келатат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 513-б.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: