Найдены по другим направлениям
-
шарият
-
шарият, шариятты, шарияты
-
Шарият
-
Шарият (ар. шариа – максатка туура жол) – курандын жана сунналардын (үрп-адаттардын) негизинде иштелип чыккан диний-этикалык жана укук эрежелеринин жыйындысы. Ш. 7-12-к-да Араб халифатында түзүлгөн. Ал мусулмандардын негизги диний укуктарынан тышкары мамлекеттин граждандык, кылмыш процессинин укуктар нормасын камтыйт. Ш. Ислам мамл-нде – динди туу туткан өлкөлөрдө өзгөчө үй-бүлө, нике ж-а мурас укугу жагдайында колдонулат. Ш. – Орто Азияда, Казкстан ж-а Кавказда араб баскынчылары тарабынан ислам дининин таратылышынын натыйжасында пайда болгон. Ш-тын булактары – 1. куран; 2. сунна; 3. кыяс; 4 иджима эсептелинет. Бул булактар диний жана динге негизделбеген мыйзамдардын жыйындысын камтыйт. Ш-тын негизинде укук менен дин бир түшүнүктө каралат (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 432-433-бб.).
-
шарият
-
зат. дин. Мусулмандардын адам коомунун бардык жактарын камтыган заң-закондору, таалим-тартиби. Молдолордун шариятын угуп башыңды айландыргыча, газета-журнал окуганың түзүк эмеспи («Ала-Тоо»).
Склонение по падежам - "шарият"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
Именительный Кто?, Что? | шарият |
Родительный Чей? | шарияттын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | шариятка |
Винительный Кого?, Что? | шариятты |
Местный Где?, У кого? | шариятта |
Исходный Где?, У кого? | шарияттан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
Именительный Кто?, Что? | шарияттар |
Родительный Чьи? | шарияттардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | шарияттарга |
Винительный Кого?, Что? | шарияттарды |
Местный Где?, У кого? | шарияттарда |
Исходный Откуда?, От кого? | шарияттардан |
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Шарият