Меню
Эл-Сөздүк

Шайлоочулардын сунуш-талабы

ШАЙЛООЧУЛАРДЫН СУНУШ-ТАЛАБЫ – шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндөгү шайлоочулар менен жолугушуу маалында тийешелүү шайлоо округунун шайлоочулар жыйыны тарабынан коомдук мааниге ээ болгон жана депутаттыкка талапкер адамдарга бериле турган тапшырма. Ш. с. т. тийешелүү жергиликтүү кеңештер менен анын органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу тапшырма болуп саналат. Эгер шайлоочулар жыйыны сунуш кылган Ш. с. т. өзүнүн шайлоо алдындагы программасына туура келбесе, депутаттыкка талапкердин аны кабыл албай коюуга акысы бар. Шайлоонун жыйынтыгында депутаттыкка өтпөй калган талапкерлерге берилген сунуш-талаптар шайлоочулардын сунушу катары саналгандыктан, тийиштүү жергиликтүү кеңеш органдары тарабынан талдоого алынат да, алар боюнча чара көрүү үчүн жергиликтүү кеңеш төрагаларына, тийешелүү органдарга жана жооптуу кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: