Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Чектеп берүү тилкеси

ЧЕКТЕП БЕРҮҮ ТИЛКЕСИ – 1) темиржол транспортунун жер төшөөлөрү, жасалма курулмалары, линиялык-жол жана башка имараттары, темиржол байланыш жабдуулары, темиржол бекеттери, коргоочу токой тилкелери жана жолду камсыздоо жабдуулары ээлеген, ошондой эле мамлекет тарабынан темиржол транспортунун келечектеги өнүгүшү үчүн бөлүнгөн же сакталып коюлган жер аянттары; 2) автомобиль жолдорундагы тийиштүү долбоордук элементтерди жана инженердик курулмаларды, ошондой эле автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн зарыл болгон имараттарды, курулмаларды, коргоочу жана көрктөндүрүүчү токой тилкелерин жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жер аянттары. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоодо Ч. б. т-нин өлчөмү анын категориясына жараша, стандарттарга ылайык аныкталат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: