Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Чабарман баракчасы

ЧАБАРМАН БАРАКЧАСЫ – дипломатиялык почтаны ташууга укук бере турган ырасмий документ. Анда дипломатиялык чабармандын укугу, дипломатиялык почта жеткирилүүчү жерлердин саны көрсөтүлөт. Ч. б. дипломатиялык почтаны жеткирүү ишеними тапшырылган жарандык учактын командирине да берилиши мүмкүн. Мындай учурда Ч. б-нда почта жеткирилүүчү жерлердин саны гана көрсөтүлөт, анткени жарандык учактын командиринин өзү дипломатиялык чабарман болуп эсептелбейт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: