Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Учурдагы эсеп

УЧУРДАГЫ ЭСЕП – 1) банк эсептеринин бир түрү; акча каражаттарын сактоо жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылат. У. э. бюджеттик уюмдарга бюджеттен тышкаркы эсептерди жүргүзүү жана эсепке алуу, коммерциялык уюмдардын бөлүмдөрүнө, юридикалык жактардын филиалдарына алардын жайгашкан жерлеринен сырткары, ошондой эле аргандай коммерциялык эмес уюмдарга ачылып берилет. У. э. боюнча жүргүзүлүүчү аткарымдарга карата пайыздарды төлөө жана банк комиссияларынын өлчөмдөрү төлөө эсептерди ачуу жана жүргүзүү келишимдеринде аныкталат; 2) жеке адамдар үчүн банктарда ачылган эсептер. У. э-тин ээси (аманатчы) У. э-тин шарттарына ылайык андагы каражаттарды ала жана үстүнө кошо алат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: