-
Табылга
-
ТАБЫЛГА – кимдир-бирөө жоготкон буюмду таап алуу. Таап алган адам (жарандык мыйзамдар боюнча) анын ээси болуп калбайт. Ал таап алары менен, ал тууралуу буюмду жоготуп ийген адамды, же анын ээсин, болбосо ал буюмду алууга акысы бар жана аны тиги адамга кайтарып берүүчү өзүнө белгилүү адамды токтоосуз кабарландыруусу тийиш. Эгер буюм жайдын ичинде же унаада табылса, ал жайдын (унаа каражатынын) ээсимин деген адамга өткөрүп берилүүгө жатат. Табылга өткөрүлүп берилген адам буюмду таап алган адамдын укугуна ээ болот жана жоопкерчилигин тартат. Эгер табылган буюмду кайтарып берүүнү талап кылууга акылуу адам, же анын турган жери белгисиз болсо, буюмду таап алуучу Т. тууралуу милицияга же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына билдирүүгө милдеттүү. Таап алган адам Т. өзүндө сактоого, болбосо милицияга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өткөрүүгө акылуу. Буюмду таап алуучу аны атайылап же одоно абайсыздыктан жоготуп ийсе, буюмдун баасынын чегинде жоопкерчилик тартат. Эгер милицияга же өзалдынча башкаруу органына табылга тууралуу билдирилгенден кийин үч айдын аралыгында жоголгон буюмду алууга акылуу ээси аныкталбаса, же таап алуучуга, болбосо ички иштер органына же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өз укугу тууралуу билдирип, эчким кайрылбаса, анда таап алуучу ага ээ болуп калат. Эгер буюмду таап алуучу таап алган буюмга ээ болуудан баш тартса, ал коммуналдык муниципалдык менчикке өтөт.
Найдены по другим направлениям
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | табылга |
Множ. число | табылгалар |
Синонимы |
---|
олжо |
Связанные слова |
---|
табыл |
табылгалуу |
Склонение по падежам - "табылга"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | табылга |
Родительный Чей? | табылганын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | табылгага |
Винительный Кого?, Что? | табылганы |
Местный Где?, У кого? | табылгада |
Исходный Где?, У кого? | табылгадан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | табылгалар |
Родительный Чьи? | табылгалардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | табылгаларга |
Винительный Кого?, Что? | табылгаларды |
Местный Где?, У кого? | табылгаларда |
Исходный Откуда?, От кого? | табылгалардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Табылга