Меню
Эл-Сөздүк

ТОРЧОЛОО

(тордоо) — чыйратылган күмүш зымды асем нускалоо. Бул — зергерчиликтин бир ыкмасы. Мында зым түрдүү жоондукта чыйратылат. Ал улам ичкертилип, чыйратылган сайын чеберчилик да артылып жүрүп отурат. Илгерки зергердин зым тарткычтарынан айырмаланып, бирок, түспөлү ага окшошуп, атайын заводдон жасалган өзүнүн аспабы бар. Демек, анын отуз беш тешигинен (эң ичкеси 0,3 мм, эң жоону 0,6 мм) улам өткөн сайын ичкерип отурат. Ар бир тешиктен өткөн сайын зымды отко кызытып алат. Ансыз ал үзүлүп кетет. Ал эми зымды чыйратууда аны атайын түрө жана эше турган тигүү машинасынын туткасы сымал айлантууга эптеп дүкөнү болот. Муну дагы зергер буюмдун формасына жана колдонулушуна карата кынаптап, түрдүү оюм-чийимдеп, данакерлейт. (Бул «Зым тарткыч» деген макалада айтылат.)

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: