Меню
Эл-Сөздүк

ТОМПОЙ

«Үйүрө кармап томпойду, Чийинди басып оңтойлуу, Топтошуп турган чүкөнү, Шыкаалап туруп бир койду» («Манас»). Ал — абалактын бир түрү. Мунун «ордо оюну» үчүн эң мурун чыккандыгы элдик эпостордо даана айтылат. Кыргызстандын айрым аймактарында (Түштүк Кыргызстанда, Таласта, Чүйдө ж.б. ) «Ордо оюну» азыр да томпой менен ойнолууда. «Ордо» томпоюн жасаган чеберлер да бар. Ордо атууга оң томпой керек. Айрым сологой ордочуларга сол томпой жасалат. Натыйжада, мында «оң томпой», «сол томпой» деп айтыла берет. Ордо томпоюн жасоодо бөктүн үстүн жана эки жанын бычак сырты кылып чабат. Демек, алчысы терең эмес, тогологураак барып тууралжын тарткан томпойлор тандалат.
      Ордо томпою үчкө бөлүнөт: чийки томпой оорураак келет. Куу томпойду талаадан тандап алат. Боз томпой бышкан жиликтен алынат. Негизи атан төөнүн чийки жилигинен омкоруп алган томпойдой болбойт. Ошондуктан, төөнүн, жүз уйдун томпоюнан иргелип отуруп, бири тандалат.

томпой

томпой (чүкөсү)

томпой-

томпой-, томпоёт, томпоюу

томпой

I зат. Мүйүздүү ири малдын чүкөсү. Томпой менен чүкө атуу.
ТОМПОЙ II этиш. Уркуюп, төмпөйүп чыгып туруу, томпок абалда болуу, дөмпөйүп жаткан абалда, көрүнүштө болуу. Балам, аркаңдагы томпойгон эмнең? (Жантөшев). Томпоюп чекелери, бет айрылган (Үмөталиев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: