Меню
Эл-Сөздүк

ТОМОГО

«Томогосун кийген бүркүттөй, Той берген жерде шаңшуучу» (Байдылда). Бул алгыр куштардын көзүн жаап коюучу тоголок тарткан булгаары бөрк. Кушка туурга (үйдө) отурганда жана ууга чыгарда кийгизилип, аңга салынаарда башынан алат. Булгаарыны же көндү (кол булгаары) алып, эки бөлүк кылып, топудай тегерек бычат да, экөөнү беттеп, тарамыш жип аркылуу кайып тигет. Чеберлер мунун төбөсүндө сыйдаланган булгаары чачыгын-чогун жасайт. Алкымы сагакталат. Томогонун өзүнө тегерете күмүштөн жана жезден жакшынакай шөкөттөр чабылат. Ал көркөмдүктөр көрчөгөлөргө окшошуп турат.

томого

зат. Аңга, илбээсинге салынуучу кыраан куштардын (бүркүттүн, ителгинин) көзүн жаба кийгизүүчү калпак. Томогосун ала элек, Тоодакка шилтеп сала элек («Манас»). Ак шумкарды алды дейт, Томогосун шыпырып, Таманга кагып калды дейт («Семетей»).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числотомого
Множ. числотомоголор
Связанные слова
томоголуу
Склонение по падежам - "томого"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?томого
Родительный Чей?томогонун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?томогого
Винительный Кого?, Что?томогону
Местный Где?, У кого?томогодо
Исходный Где?, У кого?томогодон
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?томоголор
Родительный Чьи?томоголордун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?томоголорго
Винительный Кого?, Что?томоголорду
Местный Где?, У кого?томоголордо
Исходный Откуда?, От кого?томоголордон

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: