Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Суу объекти

СУУ ОБЪЕКТИ – кургак жер бетинин чеги бар табигый тариздеринде же жер алдыларында топтолгон суулар, суу режиминин көлөмү жана чектери. С. о-не анын аймагында жайгашкан өзөн суулар, көлдөр, мөңгүлөр, карлар, саздар жана башка жер үстүндөгү булактар, ошондой эле жер алдындагы суулар, анын ичинде дарылык-минералдык жана кайнар суулар кирет. С. о. табигый ресурстардын түрү катары жарандык укуктун өзгөчө объектиси болуп саналат. С. о-не карата ээлик кылуу түшүнүгү толук өлчөмдө колдонулбайт, анткени анда топтолгон суулар тынымсыз кыймылда жана суу алмашуу абалында болот. С. о-не жеке менчик укугунун предмети катары негизинен объект гана каралат. С. о-не жана аларды пайдалануу укугуна карата, эгер КР суу мыйзамдарында башка жагдайлар каралбаса, жалпы жарандык мыйзамдардын эрежелери колдонулат. С. о-не менчик ээси болбогон адамдар аларга карата төмөнкүдөй укуктарга ээ болоору мүмкүн: узак мөөнөткө пайдалануу; кыска мөөнөткө пайдалануу; чектелүү пайдалануу (суу сервитуту). С. о. биринчи иретте калктын ичүүсүнө жана турмуш-тиричиликтик керектөөлөрүн канагаттандырууга берилет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: