Меню
Эл-Сөздүк

Суубекетке жеткирилди, алымдар төлөндү (deq)

СУУБЕКЕТКЕ ЖЕТКИРИЛДИ, АЛЫМДАР ТӨЛӨНДҮ (DEQ) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча сатуучу өз товарын келишимде көрсөтүлгөн суубекеттеги макулдашылган жайга чейин андан ары ташып кетүү үчүн «тазаланган» түрүндө жеткирип берүүгө милдеткер болот. Сатуучу товардын белгиленген жерге жеткирилгенге чейинки баардык тобокелчилиги менен чыгымдарын көтөрөт. Сатып алуучу сатуучу тарабынан жеткирилип, карамагына тапшырган товарды суубекеттеги макулдашылган жайда кабыл алууга, бекетте товар кабыл алынган учурдан тартып, анын башка чыгымдары менен тобокелчилигин өзү тартууга милдеттүү.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: