Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Суброгация (толуктооч)

СУБРОГАЦИЯ (ТОЛУКТООЧ) (лат. subrogatio мыйзамдын айрым бөлүктөрүнө толуктоолорду киргизүү) – 1) камсыздоочунун зыян ордун толтуруу укуктары камсыздандыруучуга өтүшү. Эгер мүлктүк келишиминде же мыйзамда башкача каралбаса, камсыздандыруунун натыйжасында орду толтурулган чыгым үчүн жоопкер жакка карата камсыздоочунун талабынын көлөмүндө төлөнгөн өлчөмү чегиндеги талап кылуу укугу камсыздандыруу чыгымын төлөгөн камсыздандыруучуга өтөт. Атайылап зыян келтирген жакка карата талап кылуу укугунун камсыздоочуга өтүшүн жокко чыгаруучу мүлктүк камсыздандыруу шарттары кенедей гана; 2) колдонулуп жаткан мыйзамга толуктоолорду киргизүү.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: