Menu
Эл-Сөздүк

Негизсиз баюунун натыйжасындагы милдеттенме

НЕГИЗСИЗ БАЮУНУН НАТЫЙЖАСЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕНМЕ – жарандык-укуктук милдеттенме. КР жарандык мыйзамдарына ылайык мыйзамда же келишимде белгиленген негиздерсиз бирөө (сатып алуучу ) башка бирөөнүн (жабырлануучунун) эсебинен мүлк сатып алса, же жыйнап алса, кийинкисине негизсиз сатылып алынган же жыйналган мүлктү (негизсиз баюу) кайтарып берүүгө милдеттүү. Мүлктү негизсиз алган же жыйнаган адам жабырлануучуга ал негизсиз байыганын билген же билиши керек болгон мезгилден берки ал алган же алуусу тийиш болгон баардык кирешелерди кайтарып берүүгө же төлөп берүүгө милдеттүү. Негизсиз байыган акча өлчөмү башка бирөөнүн каражаттарын пайдалангандыгы үчүн үстөк пайыз чегерүүгө жатат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: