Меню
Эл-Сөздүк

Медициналык экспертиза

МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА – адамдын денсоолугунун абалын, анын ичинде убактылуу эмгекке жарамсыздыгын, анын майыптык себебин жана тобун ж. б. аныктоо максатында КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү изилдөө. М. э-нын бир нече түрү бар: а) убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча экспертиза; б) медициналык-социалдык экспертиза; в) аскердик-дарыгердик экспертиза ; г) психикалык денсоолуктун сот-медициналык экспертизасы (соттук-психиатрдык, соттук-наркологиялык жана соттук-психологиялык экспертизалар) д) соттук-медициналык экспертиза; е) атаандаш медициналык экспертиза ; ж) медициналык-санитардык жардам көрсөтүү сыпатындагы экспертиза.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: