Menu
Эл-Сөздүк

МАЙМУН

МАЙМУН — топоним, негизги варианттарда кыргыздарга чектеш жер жана андагы жашаган элдин аты. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Шоорук кан М-дуктардан деп берилет:
Дөбөт чөлү атанып,
Жакасы кум, тоосу таш,
Алайдын түштүк жагында,
Башы Даң-Дуң тоосунда,
Маймундуктун Шоорук кан
Жаткан экен ушунда (Сагымбай Орозбаков, 2. 200).

Географиялык реалияда Оогандын түндүк-батышындагы шаар. Жергиликтүү тилде аталышы Маймене. Ооганстандагы башка жерлер менен бирге 15-кылымдын 20-жылдарында Аксак Темирдин уулу Шахрух («Манас» эпосунда Шоорук) башкарып турган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: