Меню
Эл-Сөздүк

Кудуретсиздендирүүдөгү укук ченемсиз аракеттер

КУДУРЕТСИЗДЕНДИРҮҮДӨГҮ УКУК ЧЕНЕМСИЗ АРАКЕТТЕР – кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш. Ал: а) эгер бул аракеттер ири өлчөмдө зыян келтирсе жана банкроттоодо же банкроттоону алдынала баамдоо менен карыздар уюмдун жетекчиси же ээси, болбосо жеке ишкер тарабынан иштелсе, мүлктөрдү же мүлктүк милдеттенмелерди, мүлктөр, анын көлөмү, турган жери тууралуу маалыматтарды жана башка кабарларды жашыруудан, мүлктү башка ээликке берип ийүүдөн,мүлктөрдү ажыратуудан же жок кылуудан, ошого тете экономикалык ишмердүүлүктү чагылдырган бухгалтердик жана башка эсеп-кысап документтерин жашыруудан, жок кылуудан, бурмалоодон; б) эгер бул аракеттер ири зыян келтирсе, өзүнүн иш жүзүндөгү кудуретсиздигин билген карыздар уюмдун жетекчиси же ээси, болбосо жеке ишкер тарабынан алдынала эле башка кредиторлордун зыянына иштелсе, айрым кредиторлордун мүлктүк доолорун укук ченемсиз канаттандыруудан, ошого тете кредитордун өзүнө андай артыкчылыкты кабыл алуусунан көрүнөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: