Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Каада укугу

КААДА УКУГУ – аларды көп ирет салттуу пайдалануудан улам коомдо калыптанып калган жана мамлекеттик бийлик тарабынан санкцияланган, жазылбаган жүрүм-турум (каада) эрежелеринин жыйындысы. Укуктун тарыхый биринчи таризи. К. у. тартипке келтирилген жыйнактары (м.: Мыйзамдардын 12 жадыбалы, «Русская правда») заманбап жазма укукка өтүүнүн өткөөл баскычы болгон. Өнүккөн өлкөлөрдө К. у. анчалык мааниге ээ болбойт. Алар эларалык мамилелерде кыйла маанилүү роль ойношот.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: