Menü
Эл-Сөздүк

ЖЕҢИЖОК

ЖЕҢИЖОК, Өтө Көкө уулу (1860, Таластагы Сары-Көбөн деген жер, азыркы Манас району —1918, Жаңы-Жол району, Кара-Суу айылы) — акын. Ата-энесинен эрте ажырап, көрүнгөндүн эшигин сагалап, эптеп жан сактап жүрүп «ала» оорусуна (тери оорусуна) чалдыккан Өтө айыл билермандары тарабынан куугунтукталып, Аксыдагы таякелерине качып барат. Ырга болгон шыгы жаш кезинен эле ойгонот. Ошол учурларда Анжыян тарапта чоң той болуп, Өтө жеңи жок кемселчен айтышка чыгып, Нурмолдону баш кылып бир нече ырчыны жеңип, калайыкка таанылат. Мына ошондон баштап анын Өтө аты калып, «Жеңижок» деген ылакап ат (псевдоним) менен аталып калган. Кыргыз элинде 5К. деген ат менен кеңири белгилүү болгон бул адам аалам, жер-суу, адам баласынын турмуштагы орду, милдети, жаратылыш менен катышы жөнүндө ырдалган философиялык маанайдагы термелери менен өзгөчө таланттын ээси экенин айкындап турат.
Т. Садыков. Жеңижок. Скульптура эскизи. 1990.
Т. Садыков. Жеңижок. Скульптура эскизи. 1990.
Ж.— элдик эпосторду да аткарган акын. Ал «Семетей» эпосунан «Семетейдин Таласка жөнөшүнөн» үзүндү айтканы бизге белгилүү. Үзүндү боюнча Каныкейден өзүнүн ата-тегин сурап билгенден кийин Семетей эл-жерин издеп жөнөйт. Анын туулган жери Таласка, атпай кыргыз элине келиши толгон жышааналар менен байланышкан. Бала баатыр Семетейди эл карысы Бакай баш болуп Манастын Акшумкары, Желмаяны, Кумайыгы да зор кубаныч менен тосуп алышат. Булар аркылуу Манастын ордун баса турган, ага тете эл баатыры келди, элдин күткөн тилеги ишке ашты деген ой берилген.
Б. Кодоров


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: