-
Депозитарий
-
ДЕПОЗИТАРИЙ (фр. depositaire ) – 1) депозиттер ишенилген жак; 2) депозитардык ишкердүүлүктү жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. КРде юридикалык жак гана Д. боло алат. Д. депоненттин атынан депозитардык келишимде каралган депоненттин тапшыруусунан башка иштерди жасоого, депоненттин баалуу кагаздарын каалагандай жумшоого, анын атынан баалуу кагаздар менен иш-аракеттерди жүргүзүүгө жана башкарууга акысы жок. Д. анда депонирленген баалуу кагаздардын тастыктоолору үчүн жарандык укуктук жоопкерчилик тартат; 3) эларалык келишимде көп тараптуу келишимдин чыныгы текстин жана ага байланыштуу документтерин (билдирүүлөр, эскертмелер, денонсациялар ж. б. ) сактоочу. Д. бир же бирнече өлкө, эларалык уюм же ошондой уюмдун башкы кызмат аткаруучу адамы болуусу мүмкүн. Алып айтсак, БУУнун Башкы Катчысы БУУнун алкагында түзүлгөн биркатар көп тараптуу келишимдердин Д-инин милдетин жүзөгө ашырат.
Найдены по другим направлениям
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | депозитарий |
Множ. число | депозитарийлер |
Склонение по падежам - "депозитарий"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | депозитарий |
Родительный Чей? | депозитарийдин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | депозитарийге |
Винительный Кого?, Что? | депозитарийди |
Местный Где?, У кого? | депозитарийде |
Исходный Где?, У кого? | депозитарийден |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | депозитарийлер |
Родительный Чьи? | депозитарийлердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | депозитарийлерге |
Винительный Кого?, Что? | депозитарийлерди |
Местный Где?, У кого? | депозитарийлерде |
Исходный Откуда?, От кого? | депозитарийлерден |
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Депозитарий