ДАҢ-ДАҢ — эпизоддук кейипкер, Кампас калаасынын балбаны. Манасты өлтүрмөкчү болуп келген Нескаранын колу менен болгон урушта жекеде кыргыздардын Күнөс деген балбанын өлтүрүп, өзү казак баатыры Айдаркандын колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 219—222).