Меню
Эл-Сөздүк

Батасын алуу

Батасын алуу – эл ичинде кадыр-барктуу, отуруп-турганы нарктуу, айткандары эм, улуу-кичүүлөргө дем, урмат-сыйы бирдей, жекече касиет жылоологон карыя-байбичелерге атайын жолдук менен баруу. Алардын батасын кабыл алуусу, балалуу болууда (уулдуу болууда), алыс сапарга аттанууда, сапардан аман-эсен кайтууда ойлогон оюна, тилеген максатына ийгиликтүү жетүүсү… Артында «Анын батасы тийген», «Тегин кишиден бата албаган», «Батадан жаралган бала»… өңдүү адил сөздөр бара-бара уламышка айланган. Ушундан улам «кан Кошойдун, кан Бакайлардын жайган алакандары, алкаган сөздөрү тегин чыккан эмес», – деп айтып келүүдөбүз (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 197-198-бб.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: