БАДАКШАН, Бадахшан — топоним. Көкөтөйдүн ашына кабар берилип, эли чакырылган жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 14, 23, 43, 89). Географиялык реалияда азыркы Тажикстандын жана Ооганстандын тоолуу аймагы. Эпосто да тажик элинин жери экени айтылат.