Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Аңчылык жайыттары

АҢЧЫЛЫК ЖАЙЫТТАРЫ – КР мыйзамдары боюнча, жапайы жаныбарлар менен куштардын жашоо-тиричилиги үчүн кызмат кылып, аңчылык чарбачылыгын жүргүзүүгө пайдаланыла турган баардык талаа, токой, суу, тоо аймактары. А. ж. төмөнкүдөй болуп бөлүнөт: а) аңчылык чарбачылыгын жүргүзүү максатында белгилүү бир уюмга бекитилип берилип, ал уюмдар тарабынан берилген гана жолдомолор аркылуу аңчылык жүргүзүлө турган жайыттар; б)кандайдыр бир уюмга бекитилип берилбестен, мамлекеттик аңчылык коруна киргизилүү менен, жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилген жолдомонун негизинде аңчылык кылына турган жайыттар; в) мамлекеттик органдын улуксаты менен илимий, маданий, чарбачылык максатта аңчылык кылынып, башка багыттагы аңчылык (элкин жайлар, жапайы жаныбарлардын башын көбөйтүүгө арналган жерлер, коруктар, ж. б. өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары) үчүн жабык жайыттар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: