Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Аскер прокуратурасы

АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ – КР Прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмчөсү, мыйзам актыларынын республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери жана башка аскер түзүлүштөрү тарабынан так жана бирдей аткарылышын көзөмөлгө алат. А. п. кылмыш-жаза ишин иликтөөнү ишке ашырат жана ишти соттук териштирүүгө катышат. А. п-нын ишмердигине КР Аскер прокурору аркылуу КР Башкы прокурору жетекчилик кылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: