Меню
Эл-Сөздүк

Артыкчылыктуу чогултма акциялар

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ЧОГУЛТМА АКЦИЯЛАР – 1) ээлери акционерлердин жалпы чогулушунда анын компетенциясындагы баардык маселелер боюнча, артыкчылыктуу акцияларга дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынбаган, же толук эмес төлөө жөнүндө чечим кабыл алынган акционерлердин жылдык чогулушунан кийинки чогулуштан тартып добуш берүү укугуна ээ болгон акциялар. А. ч. а. ээлеринин акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу укугу көрсөтүлгөн акциялар боюнча топтолгон үлүшпайданы толук өлчөмдө төлөп берген учурдан баштап токтойт; 2) төлөнбөгөн дивиденддери топтолгон, өз ээлерине эмитент-компаниядан карыздарын жоюуну талап кылууга укук берүүчү акциялар. Карыздар жөнөкөй акциялар боюнча үлүшпайдалай төлөнгөнгө чейин жоюулушу керек.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: