Menu
Эл-Сөздүк

АЙЧҮРӨК

АЙЧҮРӨК — үчилтиктин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн негизги каармандарынын бири. Манасчылар А-түн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат. Саякбай Каралаевдин варианты нда оогандын каны Акун перинин жаңы төрөлгөн кызын талаадан таап алып тарбиялагандыгы айтылат.

Б. Жумабоев. Айчүрөк
Б. Жумабоев. Айчүрөк
.
А. катышкан окуянын чордону «Семетей», «Сейтекке» тиешелүү болсо да Акун менен Манас бел куда болушканы эпостун «Манас» бөлүмүндө эле айтылат. Эпостун кийинки бөлүмдөрүндө А. Семетей баатырдын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон акылдаш, сүйгөн өмүрлүк жарына жана баласы Сейтекти калкалап өстүрүп, калкына кошкон камкор энеге айланат. А. менен Семетей буйруктуу, акыры кошула турган жубайлар экенине карабастан бири-бирин азап чегип издеп, ар кандай тоскоолдуктарды басып өтүшөт. А. ак куу кейпинде кубулуп учуп Семетейди тапса, Акшумкарды издеген Семетей акыры А-кө кабылат. Муну менен эпоско таандык салттуу баатырдык үйлөнүү сюжетиндеги буйруктуу колуктуларды кайдан да, кандай да болбосун издеп таап алуунун көөнө ыкмасы сакталган. А-түн түрдүү нерсеге (ак кууга, ак булага, ак балыкка, торгойго) кубулуу жөндөмдүүлүгү анын байыркы мезгилдердин мифтик-жомоктук катмары басымдуу сакталган көрүнүктүү каарман экенин көрсөтөт. Анын сыйкырчылык касиеттери «Семетейде» ачык-айкын көрүнөт. Окуянын реалдуу жүрүшүнө байланыштуу А. жөнөкөй эле пенде катары аракеттенип, зарыл учурларда сыйкырчылыгы көмөктөшөт. А. кубулганда кадимки Ак куу:
Кукулуктап жорголойт,
Куудан бөлөк үнү бар.
Куйругу менен кум сабайт,
Канаты менен жер сабайт,
Толкуп жүнү бөлүнөт,
Кукулуктап унчукса
Жез комуз үнү көрүнөт (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 552-инв., 144-б.).

А-түн образындагы мифтик айрым мотивдер элдик оозеки чыгармачылыктын эволюциялык өнүгүшүнүн узак жолунда алгачкы булактарынан кескин айырмачылыкка ээ болуп, мифтик башатынан алыстап фольклордук каарманга айланган. Анын образы түз сызыктуу эволюциялык өнүгүүгө ээ болбостон, өз жолунда башка элдердин мифологиялык-жомоктук түшүнүктөрүндө жаралган, өзүнө жакындыгы бар типтеш образдар менен да контаминациялана баштаганы байкалат. А-түн образындагы өзгөчөлүк кадимки турмуштук шарттар менен кошо кыялдан бүткөн сапаттардын адам ишенээрлик деңгээлде жуурулуша келишинде. Манастын өмүрүндө Каныкей кандай мааниге ээ болсо, Семетейдин турмушунда А. да ошондой. Каныкейге баатырдык, уздук, сарамжалдуулук мүнөздүү болсо, А-тө ашкан сулуулук, сыйкырчылык, аялдык назиктик жана кирсиз таза сүйүүнү жогору баалоочулук басымдуулук кылат. Анын жеке керт башына таандык жандан башкача сырдуулук, сыйкырдуулук керемети кадимки эле жакшы аялга мүнөздүү акылмандык, кыраакылык, уздук, сарамжалдуулук сыяктуу мыкты сапаттар менен толукталган. А. өзүнүн сулуулугу, кирсиз таза аруулугу менен гана Семетейге жуп келбестен, айрым учурда анын ажалына аралжы болуп, керек учурда ордун басып ишин уланткандыгы менен «Сейтек» эпосунда да өз аброю менен болот. А-түн Семетей өлгөндөн кийин Кыяска баш кошууга моюн сунуп көнүшү, баатырдан калган туякты жетилтип өз элине кошушу өңдүү мотив менен байланышкан. А. «Сейтекте» болочок баатырдын өмүрү үчүн кам көргөн мээрман эненин гана милдетин аткарбастан, кордукта калган элинин тагдырына кабыргасы кайышкан патриот да. Жоо бетинде дайынсыз жоголгон Семетейди издеп табууга зор күч жумшаган туруктуу жар да. Сейтекти чоңойтуп, кыргыз жерине алып кетүүдөн мурун Күлчорону дарылоодо, Кыястан өч алууда, Желмогуз уулу Сарыбайдын баскынчылыгынан кутулуш үчүн жардамга Куялы аттуу балбан кызды таап, чакырып келүүдө да А-түн кызматы зор.
Айчүрөктүн өргөөсүндө «Айчүрөк» операсынан.
Айчүрөктүн өргөөсүндө «Айчүрөк» операсынан.
А. — каргышы ката кетпеген «тилинде мөөрү, тишинде сөөлү бар» магиялык күчкө ээ каарман. Ал «Семетейде» кара ташты дубалап, аба ырайын өзгөртүп табиятты башкарса, «Сейтекте» кыргыз баатырларынын жеңиши үчүн Кыястын Тооторусунун тилин байлап, уйга жеткис чобурга айлантат. А-түн учушун, ок түшүргүч касиетин, аярлыгын элдин кыялында жашаган дарыгерликтен, жаратылышты башкарууга болгон далалатынан ажыратып кароого мүмкүн эмес. Ушулардын бардыгы мифти жараткан байыркы коомдун алга умтулуусу, тилеги. Бирок ал мифтик образ эмес. Каныкей сыяктуу эле көп түйшүккө ылайыктала жаратылып, өзүнүн аруулугу, нукура жомоктук касиеттери менен «Семетей», «Сейтек» эпосторунун көркөмдүгүн, кызыктуулугун арттырып турган толук кандуу эпикалык көркөм образ.
А. Жайнакова


АЙЧҮРӨК

«АЙЧҮРӨК» — Айчүрөктүн ысмынан аталган Бишкек шаарындагы борб. дүр-дүйнө дүкөн (Чүй проспекти, 155). Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата курулуп, 1974-ж. ачылган.

АЙЧҮРӨК

«АЙЧҮРӨК» — «Семетей» эпосунун негизги каармандарынын бири Айчүрөктүн атына байланыштуу коюлган дүр-дүйнө дүкөн. 1977-ж. Ош шаарында ачылган.

АЙЧҮРӨК

«АЙЧҮРӨК» — кыргыздын туңгуч улуттук операсы. Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун «Манас» үчилтигинин «Семетей» бөлүмүндөгү «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» аттуу эпизоддун негизинде Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов. Ж. Турусбеков, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. Алгач опера 1939-ж. 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлган (дирижёру В. Целиковский, сүрөтчүсү Я. Штоффер, балетмейстри Н. Холфин, хормейстри П. Меркулов, режиссёру В. Васильев менен Куттубаев).
«Айчүрөк» макаласына. Операдан көрүнүштөр 1)  Семетей — Ж. Садыков, Айчүрөк— С. Кийизбаева, Калыйман — А. Куттубаева, Күлчоро — М. Баетов (1939);
«Айчүрөк» макаласына. Операдан көрүнүштөр 1) Семетей — Ж. Садыков, Айчүрөк— С. Кийизбаева, Калыйман — А. Куттубаева, Күлчоро — М. Баетов (1939);
2) Айчүрөк — К. Сартбаева, Чачыкей —Ч. Иманкулова (1976);
2) Айчүрөк — К. Сартбаева, Чачыкей —Ч. Иманкулова (1976);
3)Семетей — Э. Касымов
3)Семетей — Э. Касымов
Биринчи коюлушунда ролдорду С. Кийизбаева (Айчүрөк), Ж. Садыков (Семетей), А. Малдыбаев (Күлчоро), М. Сартбаев (Канчоро), М. Махмутова (Чачыкей), А. Куттубаева (Калыйман), X. Темирбеков (Акункан), Н. Кытаев (Бакай), А. Боталиев (Чынкожо), К. Эшимбеков (Толтой) аткарган. Операнын сюжети бири-бирине карама-каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Бир жагында эл мүдөөсүн көздөгөн Семетей, Айчүрөк, Бакай, Күлчоро, Акункан жана башкалар каармандар, экинчи тарапта Чынкожо, Толтой баштаган ички душмандар, буларга тилектеш Чачыкей, Канчоро, Кыяс турушат. Операнын музыкалык драматургиясын түзүүдө композиторлор кыргыз эпосторун аткаруудагы салттык обондордун, элдик ырлар менен күүлөрдүн жана жалпы эле кыргыз элдик музыкасына таандык өнүгүү ыкмаларынын элементтерин интонациялык, метрдик-ритмикалык өзгөчөлүктөрүн композитордук жогорку чеберчиликте өнүктүрүүгө жетишкен. Каармандардын музыкалык мүнөздөмөлөрүн жаратууда лейтмотивдерди пайдалануу менен аларды музыкалык драматургиянын өнүгүү жагдайларына ылайык ар кыл өзгөрүүлөргө дуушарлантып, татаал формаларга чейин өөрчүткөн. Семетейдин лейтмотивине манасчылардын байыртадан эл арасына кеңири таралган «Семетей күү» деген күүнүн обону пайдаланылып, эркиндикти, теңдикти баяндаган баатырдык планда чечилген. Айчүрөктүн лейтмотивине А. Огомбаевдин «Күйдүм чок» аттуу лирикалык ырынын обону пайдаланылып, татаал турмуш, чиеленишкен адам тагдырын баяндаган лирикалык маанай тартууланган. Чынкожонун темасы кастыкты, көралбастыкты чагылдырып турат. Операда оң каармандардын образдары өөрчүгөн музыкалык формаларда, ал эми терс образдар кыска репликалар жана речитативдер аркылуу чечилген. Айчүрөктүн образы кеңири, терең берилет. Анын ариясынын өзөгүн кошоктун интонациясы түзөт да, улам өнүктүрүлүп, акырындап өөрчүгөн арияга айланат. Биринчи көшөгөдө Айчүрөк кайгылуу ойдун кучагында турса (душмандардын курчоосунда), экинчи көшөгөдө (Чачыкей менен жолугушууда) анын интонациясында кайраттуулук, кыжырдануу сезилет, андан нары анын назик сүйүүсүн баяндаган интонациялар пайда болот. Операда Калыйман менен Күлчоронун образдарына да кеңири орун берилген. Калыймандын жандуу, шайыр образы эки ыр аркылуу сүрөттөлөт. Биринчи ыры эжеси Айчүрөктүн көңүлүн ачууга арналат (биринчи көшөгө); экинчисинде Айчүрөктүн укмуштуу түшүн жоруйт (үчүнчү көшөгө). Бул ырдын негизин «Ой тобо» аттуу элдик ыр түзөт. Күлчоро кеңири, созулуңку мүнөздөгү элдик музыка менен сыпатталган. Оркестрдин маанилүүлүгү увертюрадан, Семетейдин кошунундагы бийлерден (экинчи көшөгө) байкалат. Семетейдин кошуну көрүнүшүндө кириш музыкага Ж. Богачиновдун «Толгонайдын селкинчек», кыз-жигиттердин бийине К. Орозовдун «Жаш кербез», аялдардын бийине «Тилендинин ботою» күүлөрүнүн, жалпы ыр-бийге «Кыздар» аттуу элдик ырдын темалары пайдаланылган. Үчүнчү көшөгөдөгү патриоттукту баяндаган «Аксакал Бакай» деген хордун өзөгүн «Төрөгелдинин какмасы» аттуу элдик күүнүн темасы түзөт. Семетей менен Чынкожонун согушу симфониялык эпизод аркылуу сүрөттөлгөн. «А.» операсы — кыргыз маданиятынын өнүгүш тарыхында зор мааниси бар этаптык чыгарма. Элдик музыкага таянуу менен аларды накта симфониялык өркүндөтүүгө жеткирип, көп үндүү хорлорду түзүү, куплеттик ырларды өөрчүтүлгөн ария жана речитатив жана башкалар опералык формаларга жеткирип, татаал опера жанрын өздөштүрүүдө төл башы чыгарма «А.» операсы жаралды. «А.» операсынын жаралышы Менен улуттук опера өнөрү жаралды. Кыргыз профессионал музыкасынын алтын кенчинен орун алып, кыргыздын улуттук искусствосунун классикасына айланган «А.» операсы жаралган күндөн баштап үзүлбөй коюлуп келе жатат.
Ө. Абдылдаев

Айчүрөк

Айчүрөк – манасчылар Айчүрөктүн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат… (Манас энциклопедиясы, 1-т., 49-б.). Семетейдин аялы, Сейтектин энеси, Акун хандын кызы жана Манастын келини.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоайчүрөк
Множ. числоайчүрөктөр
Склонение по падежам - "айчүрөк"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?айчүрөк
Родительный Чей?айчүрөктүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?айчүрөккө
Винительный Кого?, Что?айчүрөктү
Местный Где?, У кого?айчүрөктө
Исходный Где?, У кого?айчүрөктөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?айчүрөктөр
Родительный Чьи?айчүрөктөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?айчүрөктөргө
Винительный Кого?, Что?айчүрөктөрдү
Местный Где?, У кого?айчүрөктөрдө
Исходный Откуда?, От кого?айчүрөктөрдөн

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: