Меню
Эл-Сөздүк

Азирет, Азирет аалы

Азирет, Азирет аалы (ар. хазрет – улуу урматтуу, улуу даражалуу, касиеттүү, ыйык) – кудай аталышына, пайгамбардын, имамдардын, таанымал ыйыктардын ысымдарына кошуп айтыла турган ардактуу наам, мартаба… Кыргыздардын диний уламыштарында А. көбүнчө Алинин ысмы менен байланыштырылат (Азирети Алинин кылычы – күн желеси). Али ибн Аби Талиб (б.з.7-к.) – такыба халифтердин төртүнчүсү, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы ж-а күйөө баласы (Фатиманын жубайы), исламдын бир агымын туткан шейиттердин ыйык жол башчысы, башкы пайгамбары. А. көптөгөн жеңиштүү согуштарды башынан өткөргөн, кийин душмандардын колунан кайгылуу өлүмгө дуушар болуп, анын сөөгү коюлган көрүстөн-бейит шейиттер сыйына турган ыйык жайга айланат (Манас энциклопедиясы. Т. 1, 41-б.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: