Menu
Эл-Сөздүк

баланс

balance sheet
Перевести через онлайн Переводчик

Examples of translations: баланс

Kyrghyz English
Таймаш жана аттестация өткөрүү учурунда аттестациялык-таймаштык комиссия мамлекеттик органдагы гендердик баланс же дисбаланс маалыматтарды албайт жана башка бирдей мунөздөмөлөр болгон учурда бул факторду эске алышпайт, When carrying out the competitions and attestation, the attestation and competitive commission has no data on gender balance or misbalance in the state body, and does not try to consider this factor at other equal characteristics of the applicants.
Өздүк жана карыздык каражаттардын булагы, алардын максаттуу багытталышы эске алынган бухгалтердик эсепке алуу эсептери. Каражат булактарынын көбөйүүсү пассивдүү эсептерде кредит боюнча, ал эми азаюусу – дебет боюнча жазылат. Эсептер боюнча кредиттик сальдо баланс пассивинде көрсөтүлөт.
Уюмдардын каражаттары эске алынган бухгалтердик эсепке алуу эсептери. Алар өзүндө каражаттардын бар экендигинин, курамынын жана жайгаштырылышынын көрсөткүчтөрүн камтыйт. Активдүү эсептерде каражаттардын көбөйүүсү дебет боюнча, ал эми азаюусу
– кредит боюнча жазылат. Дебеттик сальдо баланс активинде көрсөтүлөт.
(латын тилинен алынган activus деген сөз – таасирдүү).
1) бул аларга ээлик кылуучулардын, ээ болгондордун каражаттары жумшалган, чарба жүргүзүүчү субъектке тиешелүү мүлктөрдүн жана акча каражаттардын (имарат, курулма, машиналар жана жабдуулар, материалдык запастар, банктык аманаттар, баалуу кагаздарга салымдар, патенттер, автордук укуктар ж.б.) жыйындысы. Активдер материалдык (көзгө көрүнгөн) жана материалдык эмес (көзгө көрүнбөгөн) болуп бөлүнөт. Материалдык эмес активдерге интеллектуалдык эмгектер, патенттер, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздык милдеттенмелери, ресурстарды пайдаланууга өзгөчө укуктар кирет; 2) баланс активи – бул, чарба жүргүзүүчү субъектке тиешелүү акча түрүндөгү материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарды, алардын курамын жана жайгаштырылышын чагылдырган, ишкананын бухгалтердик балансынын бөлүгү; 3) финансылык талап же нарктын сакталып турушун камсыз кылган каражат катары кызмат кылган менчик үлүшү.
Эки бөлүктөн турган сандык катыш, алар бири-бирине дал келүүгө тийиш, анткени ал бирдей сандагы акчанын, товардын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын түшүндүрөт. Мисалы, товарлардын экспорту жана импорту бирдей болуп, алардын запасы сакталып турган шартта, белгилүү бир мезгил ичинде аларды өндүрүү менен керектөөнүн тең салмакта экендиги (балансы) байкалат. Баланс физикалык өлчөө жана акча формасында (нарктык өлчөө) түзүлөт. Ар түрдүү баланстар бүтүндөй өлкөнүн чарбалык ишине (бюджеттик баланс, төлөм балансы, тармактар аралык баланс), фирманын чарбалык ишине (бухгалтердик баланс, негизги каражаттар балансы, финансылык баланс), үй чарбаларына (үй-бүлөнүн кирешелери жана чыгашалар балансы, керектөө бюджети) талдап-иликтөлөрдү жүргүзүү, эсепке алуу, пландаштыруу максатында колдонулат. Эгерде, келип түшүүлөр төлөмдөр көлөмүнөн артып кетсе баланс активдүү катары эсептелинет, б.а. алгылыктуу калдык байкалат, мындай деңгээлге жетишилбесе баланс пассивдүү катары саналат.



Found words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: