Меню
Эл-Сөздүк
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Баланс

Кыргызский Английский
Төлөм теңдеминин өлкөнүн башка өлкөлөр менен соода байланыштарын мүнөздөгөн бөлүгү. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту жана экспорту аны түзүүчүлөрдөн болуп саналышат. Баланс товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун жана импортунун айырмасы катары эсептелет, улуттук товардык рыноктун өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт.
Эки бөлүктөн турган сандык катыш, алар бири-бирине дал келүүгө тийиш, анткени ал бирдей сандагы акчанын, товардын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын түшүндүрөт. Мисалы, товарлардын экспорту жана импорту бирдей болуп, алардын запасы сакталып турган шартта, белгилүү бир мезгил ичинде аларды өндүрүү менен керектөөнүн тең салмакта экендиги (балансы) байкалат. Баланс физикалык өлчөө жана акча формасында (нарктык өлчөө) түзүлөт. Ар түрдүү баланстар бүтүндөй өлкөнүн чарбалык ишине (бюджеттик баланс, төлөм балансы, тармактар аралык баланс), фирманын чарбалык ишине (бухгалтердик баланс, негизги каражаттар балансы, финансылык баланс), үй чарбаларына (үй-бүлөнүн кирешелери жана чыгашалар балансы, керектөө бюджети) талдап-иликтөлөрдү жүргүзүү, эсепке алуу, пландаштыруу максатында колдонулат. Эгерде, келип түшүүлөр төлөмдөр көлөмүнөн артып кетсе баланс активдүү катары эсептелинет, б.а. алгылыктуу калдык байкалат, мындай деңгээлге жетишилбесе баланс пассивдүү катары саналат.



Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: