Меню
Эл-Сөздүк

кармалып турууну кайталоо

repeat delay
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: кармалып турууну кайталоо

Кыргызский Английский
кайталоо rehearsal
Төлөмдү кайталоо Duplicate payment
«Полициянын сержанты Антонио Коста ал адам кармалып, киши өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда деп билдирди». "The man was arrested and charged with murder, police sergeant Antonio Costa said."
Натыйжада, башкы жана улук кызматтардын деңгээлиндеги гендердик теңсалмаксыздык аттестация механизми менен кармалып турат. As a result, the gender disbalance at the level of seniors and leading positions are supported by the mechanism of attestation.
Катышуучу уюштуруучудан ушул Эрежелердин аткарышын, спорт окуялары жөнүндө зарыл маалыматтарды алып турууну талап кылууга укуктуу. Participant has the right to demand the organizer to keep the present Rules and receive the necessary information on sport events.
- чек арадагы суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын биргелешип пайдаланууда маалымат алмашып турууну, оперативдүү кабарлашууну жана өз ара жардам көрсөтүүнү; - swap of information, emergency communication and mutual assistance in joint utilisation of water objects and structures;
Бирок айрым жазуучулар, профессорлор, окуу китептерин түзүүчүлөр акча тартыш болгондуктан, кагаз акчаларын колдонууну же жыл сайын акчанын санын көбөйтүп турууну сунуш кылышат. Yet, there are authors, professors, textbook writers, who tell us there is not enough money and they suggest a paper currency and regular yearly increases in the quantity of money.
Эгерде чыгарманы басып чыгаруу же башкача кайталоо жөнүндө автордук келишимде акчалай сыйлык белгилүү бир сумма түрүндө аныкталса, анда келишимде чыгарманын максималдуу нускасы белгиленүүгө тийиш. If the author's contract on publication or other reproduction of the work defines the compensation in the form of fixed amount, than the contract must establish the maximum number of copies of the work.
Ушул шартта алдыга койгон негизги максатын - Улуттук банктын негизги милдеттерине 2008-жылы ишке ашырылган мый- замдык негизде өзгөртүүлөрдү эске алуу менен баа туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп турууну көздөгөн акча - насыя саясатын жүргүзгөн. In this conditions, the National Bank conducted monetary policy pursuing its main goal - achieving and maintaining price stability, taking into account the legislative changes of the bank primary purpose, that were performed in 2008.
салык консультанттарынын өздөрүнүн милдеттерин кесиптик жактан талаптагыдай аткаруусуна көзөмөл жүргүзүүнү, аларды жоопкерчиликке тартууну, анын ичинде квалификациялык сертификаттын же лицензиянын күчүн токтотууну же токтото турууну жүзөгө ашырууга; carry out control of professional duties to be properly performed by tax consultants, calling them to account as well as terminate or suspend a qualification certificate or a license;
Кредиттин/насыянын (займдын) жеңилдетилген шарттарда берилгендигинин көрсөткүчү, ал кредиттин/насыянын (займдын) номиналдык наркы менен карызды тейлөө боюнча карызгерден кармалып калуучу болочоктогу дисконттолгон төлөмдөрдүн суммасы ортосундагы айырманын, насыянын (займдын) номиналдык наркына карата катышы катары эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарынын көз карашынан алганда классификацияланбаган кредиттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Нормалдуу кредиттер – бул, кардардын өз милдеттен-мелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон акча каражаттарынын зарыл агымын, ошондой эле эң аз дегенде активдин суммасынын 120 пайызындагы, төмөнкүлөрдөн турган күрөө менен (заклад түрүндө) камсыздалган активдер тартылган кредиттер:
- кыска мөөнөттүү мамлекеттик казына векселдери;
- ошол банктагы депозиттик эсепте турган каражаттар;
- белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, листингдин эң жогорку жана андан кийинки категориялар боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингинде камтылган башка баалуу кагаздар.
2) Канааттандыраарлык кредиттер – бул, ошол учурга карата кредиттик тобокелдиктин келип чыгышы аны менен байланыштуу болбогон кредиттер. Эгерде, карыз алуучунун финансылык абалы алгылыктуу болуп, алынган карыздардын орду өз учурунда жабылган болсо, карыз алуучу төлөөгө жөндөмдүү болуу менен кредиттер жана пайыздар боюнча банкка төлөнүүчү төлөмдөрдүн кармалып калышына жол бербесе, ошондой эле кредиттерди кайтарып берүүнүн ишенимдүү гарантиясына ээ болсо, мындай шартта алынган кредиттер канааттандыраарлык болуп эсептелет, мында гаранттын финансылык абалы канааттандыраарлык болууга тийиш же төмөнкү формадагы кредиттин суммасы күрөөгө коюлушу зарыл:
- ошол банктагы депозит (б.а. ал кредит боюнча карызга чегерүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн),
- мамлекеттик милдеттенмелер,
- башка жогорку ликвиддүү активдер.
3) Байкоого алынган кредиттер – бул, классификациялоо учуруна карата канааттандыраарлык болуп саналган, бирок начарлоо тенденциясы байкалган кредиттер.
Банктын ордун жабуучу (регулятивдүү) капитал – бул, жөнгө салуучу органдардын талаптарына ылайык, уюмдар тобокелдиктердин орун алышынан улам, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулардын ордун жабуу үчүн ээ болууга тийиш болгон капитал.
Мындай капиталга төмөнкүлөр кирет:
Банктын өздүк капиталы – банк ээлеринин менчиги болуп саналган ар кандай багыттарга жумшалуучу жана банк ишинин экономикалык өз алдынчалыгын жана туруктуулугун камсыз кылган каражаттар жыйындысы. Банктын өздүк капиталына уставдык капитал, камдык капитал, уюштуруучулардын пайдасы, кошумча капитал кирет.
Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, капиталдын шайкештик коэффициенттерин эсептөө үчүн банктын капиталы: биринчи деңгээлдеги жана экинчи деңгээлдеги капитал болуп бөлүнөт.
а) Биринчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: төлөнгөн уставдык капитал, номиналдан үстөк салынган капитал, кошумча капитал, банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар, өткөн жылдарда бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгымдар) кирет. Биринчи деңгээлдеги капиталдан материалдык эмес активдерди эсептеп алып салуу аркылуу, биринчи деңгээлдеги таза капиталды алууга болот. б) Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: өтүп жаткан жылдын пайдасы, активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы камдар, сатууга боло турган жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды алгылыктуу кайра баалоо боюнча камдар жана чет өлкө валюталарын алгылыктуу кайра баалоолор, субординацияланган карыз кирет.
в) Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасынан банктын туунду уюмдарына, башка банктарга жана финансы мекемелерине инвестицияларды (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) эсептеп алып салуу аркылуу таза суммардык капиталды алууга болот.
Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын мааниси банктын капиталынын шайкештигин жана башка экономикалык ченемдерди эсептөөдө колдонулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: