|
Счет текущих операций платежного баланса
|
|
Өлкөнүн төлөм теңдеминин бөлүгү, анда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун жана импортунун көлөмү, анын инвестициялардан таза кирешесинин көлөмү жана трансферттик төлөмдөрдөн таза көлөмү белгиленген. Төлөм теңдеминин күндөлүк операцияларынын эсебинде резиденттер жана резидент эместер ортосунда жүргүзүлгөн экономикалык баалуулуктар менен кайсы болбосун операциялар (финансылык активдерди жана милдеттенмелерди эске албаганда) камтылат. Ошондой эле, мында күндөлүк керектелүүчү баалуулуктарды кайтарымсыз берүү же алууга байланыштуу операциялар да эске алынган. Мында, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер да камтылган. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер боюнча сальдону негизинен, “күндөлүк операциялар боюнча сальдо” же “күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу” деп аташат.
|