Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Мусульманское право
 

Мусульманское право

 
Мусулман укугу

Мусульманское право

 
МУСУЛМАН УКУГУ – ушу таптагы негизги делген укук тутумдарынын (укук түркүмдөрүнүн) бири; жерпайы жана башкы курамдык бөлүгү диний аныктамалар менен исламдын көрсөтмөлөрү болгон, ошондой эле алар менен өзөктөш байланыштуу диний ишенимге сугарылган адеп-ахлактык жана юридикалык ченемдерди түзгөн социалдык ченемдердин топтому. Диний укуктун башка тутумдарындай эле, М. у. аймактык эмес, жекече укук болуу менен, мусулман коомчулугунун мүчөлөрүнүн арасында жайылтылат. М. у-нун булагы – куран, сүрөө, хадис, үрп-адат. М. у. VII кылымда пайда болуп, азыр айрым өлкөлөрдө гана баштагы калыбында калды (Сауд Аравиясында, Оманда, Бириккен Араб Эмиратында). Көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө М. у. укук тутумунун бир бөлүгү болуу менен, негизинен «жеке кертбаш ыйгарым укугуна» байланышкан маселелерди жөнгө салып турат (кертбаш укугу, нике, мурас, керез). Калган тармактарды роман-герман укук тутумунан же жалпы укук тутумунан өздөштүрүлгөн мыйзамдарды камтыйт. Бирок, биркатар өлкөлөрдө (Ооганстан, Иран, Судан, Пакистан, Ливия, Йемен) М. у. 1980–1990-жылдары өзаракет чөйрөсүн кайрадан кеңейтти, т.а. кылмыш-жаза укугу кыйла исламдаштырылды.

Мусульманское право

 
мусулмандык укук


Хотите добавить свой перевод для слово: "Мусульманское право"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru