|
Гражданский иск
|
|
ЖАРАНДЫК ДООАРЫЗ – кылмыш-жаза процессинде материалдык жоопкерчилик тарта турган түздөнтүз зыян келтирүүчүгө (күнөөлөнүүчүгө) же башка адамдарга карата коюлган материалдык (мүлктүк) зыяндын ордун толтуруу талабы. Акыл-эси ордунда эмес адамдын кылмышынан же КРдин кылмыш-жаза мыйзамдарында тыюу салынган жосундарынан зыян тарткан адам же анын өкүлү Ж. д. кылмыш-жаза иши козголгон учурдан тартып, бирок соттук териштирүү башталганга чейин коюуга укуктуу. Эгерде ал билдирилбесе же кылмыш-жаза ишин жүргүзүүдө чечилбесе, кылмыш-жаза ишинен келип чыккан Ж. д., КР мыйзамдары боюнча сотко караштуулугуна карата белгиленген эрежелер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде кароо үчүн коюлат.
|