|
Выдача преступников (экстрадиция)
|
|
КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ (экстрадиция) – кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмдү аткаруу үчүн башка мамлекеттин талабы боюнча мамлекеттин өз аймагындагы кылмышкерди өткөрүп берүүсү. Кызыкдар мамлекеттердин ортосунда өзара атайын макулдашуулар болгондо гана К. ө. б. юридикалык милдеттенме болуп саналат. Мамлекет төмөндөгүлөрдү талап кыла алат: өз жараны болуп саналган кылмышкерди; өз аймагында жасалган кылмыш боюнча; жасалган кылмыштан улам залал тартса. Эреже катары: а) өз жарандарын; б) адамга өлүм жазасы коркунуч келтирген же кыйноолор колдонулуучу мамлекеттерге; в) саясий көзкарашы үчүн куугунтукталган же аракети (аракетсиздиги) талап кылынган тарап тарабынан кылмыш катары саналбаган адамдарды өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
|