|
Блокирование счетов
|
|
ЭСЕПТЕРДИ ЖАБУУ – мамлекеттик бийлик органдары
тарабынан банк эсеп ээлерин каражаттарын эркин пайдалануу укугунан ажыратуусу.
Белгилүү экономикалык же саясый максаттарга жетишүү үчүн ишке ашыралат. Алардын
3 түрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: башка өлкөгө экономикалык санкциялар; волюталык
жана кредиттик чектөөлөр; сот органдарынын эсеп ээсине коюлган доо боюнча
чечимдери. Э. ж. толук жана жарым-жартылай болушу ыктымал. Адатта, толугу
экономикалык санкция катары (негизинен согуш учурларында же саясый катуу
каршылашуулардын кырдаалында), жарым-жартылайы – капиталдын чет жакка агууларын
кармоо максаттарында пайдаланылат.
|