|
Аварийный бонд
|
|
КЫРСЫК БОНДУ – жүк кабыл алынып жатканда жүк
алуучунун же камсыздандыруучунун жалпы кырсыктын натыйжасында зыян тартып,
чыгымга кириптер болгондугу тууралуу жүк ташуучуга берген тилкаты. Диспашага
ылайык, жүк алуучу жүк кунун коюуга жана жалпы кырсык чыгымындагы өз үлүшүн
төлөп берүүгө милдеттенет. К. б. берилгенге жана ал толук камсыз болгонго чейин
жүк ташуучунун жүктү бербей турууга акысы бар.
|